УЮШКАН КЫЛМЫШТУУЛУККА ЭМНЕ ҮЧҮН МАМЛЕКЕТТИН АЛЫ ЖЕТПЕЙ ЖАТАТ?

Кыргызстанда улам барган сайын оор кылмыштын саны өсүп баратат. Айрыкча буюртма киши өлтүрүү токтогон жери жок. Ага каршы милиция кантип күрөшүшү керек? Бул коомчулук козгогон олуттуу маселелердин бирине айланды.
Расмий маалыматтарга караганда, 2000-жылдан бери эле киши колдуу болуп өлгөндөрдүн саны 32ге жетип, өмүрүнө кол салуу боюнча 6 факт катталган. Алардын ичинде март окуясынан бери өлтүрүлгөндөрдүн саны эле онго жетти. Ички иштер министри Мурат Суталиновдун айтымында, буюртма киши өлтүрүүнү түп-тамырынан жок кылуу мүмкүн эмес. Бирок, кыргыз милициясы анын санын азайтуу үчүн колдон келген аракеттерди жасап келатат. Министр өлүмдү алдын алуу, кылмышкерди издөө өңдүү маселелерде милициянын каруусу бекем болбой жатат дейт. Муну техникалык жабдуулардын начардыгы, милиция кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоочу мыйзам базалары жетишсиздиги өңдүү маселелер менен негиздейт. Ошондуктан, тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө кызыкдар.

Маселен, кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерин мурдагыдай 20 жылдык эмес, 30 жылдык мөөнөткө 420 миңден 900 миң сомго чейинки пособие менен жабдууну сунуштап жатат. Азыр иштеп жаткан мыйзамда 280 миң сомдон 600 миң сомго чейинки пособие аныкталган. Министр ошондой эле мамлекеттик жана милиция кызматкерлерин өлтүргөндөргө өлүм жазасы сөзсүз колдонулушу керек дейт:

- Демократ катары, бир аз батышча ой жүгүрткөн адам катары мен өлүм жазасына каршымын. Адамдын өмүрүн кудай берет, кудай алат. Бирок, мен прагматик катары кылмыштын айрым түрлөрүнө, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлерди, милиция кызматкерлерин өлтүргөндөр, ошондой эле жаш балдарды зордуктагандар өлүм жазасына тартылышы керек деп ойлойм.

Анткен менен, саясий чөйрө ички иштер министрлигинин кылмыштуулукка каршы күрөш жаатында жүргүзүп жаткан ишине канагаттанган жери жок. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов азыр милиция уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкөнгө караганда, экономикалык кылмыштарга каршы катуураак күрөшүп жатат дейт. Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңеште министрдин ишмердүүлүгүн кескин сынга алды:

- Аракет жок. Кеп кылмыш кодексин күчөтүүдө да эмес. Министрлерге, өкмөт мүчөлөрүнө, саясатчыларга, бардыгыбызга азыр саясий эрк керек. Психологиялык жактан өзгөрүп, бир үй-бүлөгө, бир президентке же өкмөт башчысына кызмат кылууну токтотуш керек. Бизде Акаевдин убагындагыдай эле бир үй-бүлөдөн, бир кишиден чыккан саясатка ыктоо менен иш жүргүзүүнүн кесепети ушу болуп атат.

Ал эми депутат Акматбек Келдибековдун айтымында мамлекет күчүн көрсөтмөйүнчө кылмыштуулукту токтотууга болбойт:

- Эгер мамлекет, милиция өзүнүн күчүн көрсөтпөсө, эч ким коркпойт. Сабаганын сабап, бирөөнүн өмүрүн кескенди атыш керек. Ансыз оңош кыйын.

Бирок, айрым көз караштарда милиция ириде эле кесипкөй адистердин жетишсиздигинен аксап атат.

- Ички иштер министрлиги деген бардык заманда жана бардык элдерде кылмышты издөө дегенди түшүндүрөт. А бизде болсо облустук, райондук ички иштер кызматтарынын башында чыныгы кесипкөй, оперативдүү адистер жок,- дейт Ташкул Керексизов.

Мурат Суталинов азыр министрлик милиция кызматкерлеринин кесиптик кубатын арттырып, өзүн көрсөтө албаган кызматкерлерден тармакты тазалоо аракетин көрүп жатат дейт. Мындан тышкары ички иштер министрлиги диний экстремизмге, наркобизнеске, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкө артыкчылык берет. Бул максатта министрдин бир орун басарын Ош облусуна көчүрүү да пландаштырылууда.

«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова мамлекет милицияны кесипкөйлүктөн тартып, үй-бүлөсүнө чейин толугу менен камкордукка алмайынча, анын кылмыштуулукка каршы толук кандуу күрөшөрүнө ишенбейт. Тилекке каршы азыр мамлекет мындай жоопкерчиликти сезе элек.

Ошондой эле Азиза Абдырасулованын көз карашында кылмыштуулукка каршы күрөшкө тоскоолдук кылып жаткан башкы факторлордун бири - мамлекеттик кызматкерлер менен кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн биригип кетиши:

- Мамлекеттик кызматкерлер менен кылмышкерлер тобундагылардын аралашып кеткендиги милиция кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылып, тескери таасир этип атат.