ЮСАИД кесиптик жана ишкер уюмдардын лидерлерин АКШдан тажрыйба алууга чакырат

БИШКЕК. ЮСАИД жана америкалык эл аралык билим берүү боюнча кеңештеринин “Шериктештиктердин байланыштары” программасы Кыргызстандын кесиптик жана ишкер уюмдардын лидерлерине америкалык үй-бүлөлөрдө бир айдан ашуун жашоого мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу 16-январда АКСЕЛСтин аталган программа боюнча менеджери Юлия Горбунова маалымат жыйынныда билдирди. Анын айтымында, программага ылайык 10-12 адамдан турган биринчи 10 топ үстүбүздөгү жылы АКШга жөнөтүлөт. Алар бейөкмөт уюмдары аркылуу атуулдук институттарды өнүктүрүү боюнча профессионалдык жөндөмүн арттыруу максатында жана башка маселелерди чечүү багытында машыгуудан өтүшүп, тажрыйба алмашышат. Эки жылга пландаштырылган “Шериктештиктердин байланыштары” программасына 300 миң. долларга жакын каражат бөлүнгөн.