Либериянын 23-президенти ант берет

Еллен Жонсон-Сирлиф айым бүгүн Либериянын 23- президенти катары ант берет.
Жонсон-Сирлиф Африкадагы биринчи аял-президент.
Либериянын жаңы лидери алдында экономиканы калыбына келтирүү, мурдакы өз ара согушкан жааттарды жараштыруу жана сабатсыз миңдеген мурдакы согушчандарды жай турмушка кошуу милдети турат.