Куш тумоосуна каршы 1,2 миллиард доллар жумшалат

Дүйнөлүк банк куш тумоосуна каршы күрөшүүгө чыгымдалчу каражатты 1,2 миллиард долларга жеткирмек болууда.
Мындай билдирүүнү банктын вице-президенти Жим Адамс Бээжинде өтүп жаткан донор өлкөлөрдүн конференциясынын алдында жасады.
Илдеттен 2003-жылдан бери кеминде 75 киши каза таап, 150дөй адамга ылаңдын вирусу жукту.