Өлкөнүн түштүгүндөгү Гуандоң провинциясынын Жаңшан шаарына ушул шаршембиде жүздөгөн айыл тургундары келип, 10 жылдан бери жеке менчик ишканаларга сатылган жерлери үчүн жетиштүү компенсация төлөнгөн жок деп нааразылык акциясын башташкан эле. Кечээ алар полиция менен кагылышканда, бир нече киши жараат алып, ооруканага жаткырылды.