Чилинин келерки президенти аял киши болуп калышы ажеп эмес

Бүгүнкү шайлоодо дарыгер жана өлкөнүн мурдагы коргонуу министри Мишел Башеле оппозиция талапкери Себастиян Пинерадан көп добуш алаары күтүлүүдө. Башеле 1973-90-жылдардагы Аугусто Пиночеттин бийлиги тарабынан түрмөгө салынып, кыйноого кабылган саясий ишмер.