Америкалык космос шишеси алыскы кометадан топурак-ташты Жерге жеткирип келди

Шише бүгүн АКШнын Ута штатына парашют менен келип түштү. Жеңил бирок бекем айнектен жасалган космос шишеси жети жыл жолдо жүрүп, Уайл-2 кометасынан чаң-чуң, муз, таштарды жыйнап алган эле. Бул заттар Күн системасы жарала электеги бойдон сакталып калгандыктан, Күндүн жана Жердин пайда болушу тууралуу маанилүү маалыматтардын алынышы күтүлүүдө.


Жаңыл Жусупжан кызы, Прага