“Болуш” ассоциациясы сөз эркиндигин прокурордун кысымынан коргоп баштады

БИШКЕК. Ишембиде Чүй облусунун “Болуш” ассоциациясы Бишкек прокурору Учкун Каримовдун 12-январдагы бир катар журналисттерге жана саясатчыларга карата берген эскертүүсүн сөз эркиндигин ооздуктоо катары баалап, президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоду. Анда Учкун Каримов өзүнүн жетекчиси Башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин көз карашын билдирген, деп айтылат. Ошондой эле башкы прокурордун бир нече жолку билдирүүсү өлкөдөгү атуулдардын укугун жана эркиндигин чектеп, Конституцияга каршы мүнөзгө ээ экени белгиленген.