Нарын шаарынын бюджеттик карызы 7 млн. сомго жетти

НАРЫН. Нарын шаарындагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн турпаттары жылдан-жылга сынынан кетип, айрымдары жылуулук жана суусуз калган жагдайга кириптер болууда. Ал эми көп кабаттуу үйлөрдүн көбүндө кондоминиумдар түгүл үй комитеттери да уюшулбаган. Уюшулгандарында чеке жылытарлык иш жок. Мындай маалыматтар шаардын акимчилигинин жетекчилиги менен болгон көп кабаттуу үйлөрдүн өкүлдөрүнүн атайын жыйынында айтылды. Шаардын акими Бейшенаалы Богачиевге суроо, талаптар кардай эле жаап, мыйзамдан ишке ашпай жаткандыгы белгиленди. Бирок, шаар жетекчиси баардык нерсе акча каражатына барып такаларын түшүндүрмөлөп, 2006-жылдын 1-январына карта жылуулук, электр энергия, суу үчүн Нарын шаары боюнча бюджеттик карыз жети миллион сомго жеткендигин кабардар кылды. Мыйзамдар бар, бирок иштебейт. “Мыйзам бар деп мыйзамдарга таяна берсек дагы элүү жылда да иш жасалбайт. Андан көрө өзүңөр биригип, жашаган үйүңөрдү иретке келтиргиле” деп чакырык таштады шаар акими.

Аба ырайы

БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча эртең 16-январда Ош, Жалалабат, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, ал эми калган облустардын айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Талас дубанында түнкүсүн -9...-14, күндүз -3...+2 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн -4...-9, күндүз -3...+2 градус болот.
Нарында түнкүсүн -16...-21, күндүз -5...-10 градус.
Чүйдө түнкүсүн -6...-11, күндүз -3...+2.
Ысыккөл облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз -4...+1 градус.
Бишкекте кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -7...-9, күндүз -1...+1 градус болот.


Кыргызстандагы соңку кабарларды Аманбек Жапаров даярдады

Редактор Кубат Чекиров