Баш прокурор шаар прокурорунун пикирин кубаттады

Өлкөнүн баш прокурору Камбаралы Конгантиев Бишкек шаардык прокурору Учкун Каримовдун президенттин ар-намысын коргоо боюнча пикирин кубаттай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу баш прокурор 14-январда Ысыката районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда «Азаттыктын» кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып айткан:

- Кыргызстанда «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» деген мыйзам бар. Президенттин беделине шек келтирилген учурда мыйзам президенттин беделин коргогонго прокурорду мамлекеттин атынан милдеттендирет. Президентти эл шайлаган. Президентке шек келтирип сүйлөө - элге шек келтирип сүйлөө менен барабар.

Бишкек шаарынын прокурору Учкун Каримов 12-январда маалымат жыйынын өткөрүп, президент Курманбек Бакиевдин абийирине, ар-намысына шек келтирди деген негиздеме менен бир катар маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө жана саясатчыларга эскертүү берген. Бул коомчулукта нааразылык туудуруп, укук коргоочулар, айрым бейөкмөт уюмдар ага дароо терс пикирлерин билдиришкен.