«БАЙ» ТЕРМИНИ : “сараң бай”, “уюткулуу бай”, “сасык бай” таржымалы

Мурат Кожобеков, Бишкек Совет заманында бай жана ага байланышкан түшүнүктөр бир жактуу куугунтукка алынып келди. Байлар эзүүчү тап өкүлү катары жоюлуп, кыргыз элинин кылымдар бою түптөлүп келаткан наркы бузулду.
Кыргыз калкынын тарыхтан тамыр алып, илим-билим жолуна түшүшүнө, сабаттуу эл саналып, маданият өрнөктөрүн жаратышына Совет бийлигинин салымы зор. Асыресе, алардын ар бири өзүнчө узун учук кеп курчу маселе эмеспи, бирок, азыр биз козгой турган «бай» темасына келгенде, коммунисттик идеологиянын терс жактарын баамдабай койбойсуң. Совет бийлиги теңчил коом куруу максатында эзүүчү тапка каршы аёсуз күрөш баштап, колунда бийлик жана байлыгы бар адамдарды жок кылып жиберген. Байлар катмарына каршы жалаң эле мамлекеттик машина күрөшпөстөн, ага идеология тармагы тартылып, бардар адамдар кан согуч, мокочо катары сүрөттөлгөн. Ошентип, кыргыз тарыхында татыктуу орун таба турган инсандардын бейнесине, жаратмандык ишмердүүлүгүө зындуу залака келтирилди. Байларга болгон жек көрүү сезиминде бир канча муун тарбияланды жана ууланган көңүл алардын коомдук баалуулуктун жаңылыш кабыл алып, тарыхый табитинин бузулушуна кириптер кылды.

Анткен менен бай адамдар жана байлык түшүнүгү кылым кыргыз тарыхында маанилүү да, чечүүчү да роль ойноп келген. Байыркы кыргыздардын тарыхына байыр салсак, андан биз бабалардын байлык туурасындагы түшүнүгү коом үчүн кызмат кылууга багытталгандыгын баамдайбыз. Энесайдагы руникалык жазуулар көрсөткөндөй, бай адамдар мамлекет түптөөчү иштери менен калкка өрнөк болгон жана алардын байлыгы өлкө кызыкчылыгы үчүн натыйжалуу пайдаланылган. Мындан улам кыргыз элинде байларга болгон катуу түшүнүк калыптанган. Эгер, адамдын байлыгы атадан-балага калып, учу узарса, ал аны чоң бай деп ызаттап мамиле жасаган. Чоң байдын байлыгы эле эмес, анын мырзалык жүрүм-туруму жана берешен марттыгы болгон. Андыктан калк аны кадырлап-«март бай», «уюткулуу бай», «кордолуу бай» деп атаган. Алардын айрымдарынын нарк-насили ак сөөктөрдөн кем калбай жуурулушкан чакта хан бектерге жанашып, ордого ыктай жайгашкан. Мындай байларды эл «ордолуу бай» деп белгилеген.

Кыраакы кыргыз эли байлардын дагы бир катмарын- «сараң бай», «колтукчу бай» деген. Сараң бай демекчи - ал тузду жейт деп адашкан малды короосуна киргизбей, жакындары өлүп жатса да союшка мал бербейт.

Айрым байлар өз малын союп жебей, өлгөн малдын этин колдонгондуктан, калк аларды-«сасык бай» деп атаган. Алардын айрымдары «малым жоголуп, коюм арыктады», деп кокуйлагандыктан эл аны-«кокуй бай» деген.


Бай адамдардын айрымдары жанына коңшу кондурбай, жайы-кышы жалгыз жашагандыктан эл аны «жеке мерез бай» деген. Кээ бир байлар сураганды бериштин ордуна, урушуп адардын акмагын чыгаргандыгына байланыштуу калк аларды «макоо бай» деп атандырган.