Украин президенти оппозиция менен түзүлгөн келишимден чыкты

Виктор Ющенко муну экинчи тарап келишимдеги башкы шартты бузуп,өкмөттүн отставкасын колдоп добуш бергени менен түшүндүрдү. Виктор Януковичтин эң ири региондор партиясы менен кызматташуу тууралуу келишим былтыр сентябрда түзүлгөн эле. Ющенконун келишимден чыкканы ал Украинанын бир бөлүгүнө гана президент экенин көрсөттү, деп айтты Янукович. Ющенко ошондой эле өкмөттү ишенимден ажыраткан чечимин жокко чыгарууну талап кылып,парламентке атайын кат менен кайрылды.