ЕККУнун жаңы төрагасы январдын этегинде Кавказда болот

Белгиянын тышкы иштер министри Карел де Гухт сапар маалында Тоолуу Карабак проблемасын чечүү жолдорун талкуулайт. Мындан тышкары Түштүк Осетия менен Грузиянын чатагын, Днестр кылаасындагы абалды, Косово проблемасын жөнгө салууда уюмдун жаңы төрагасы жигердүү аракеттерди жасамакчы. Уюмга ушул жылдан тартып төргалык кылуу кезмети Белгияга өттү.