Папанын өмүрүнө кол салган Мехмет Агжа абактан бошотулду

1981-жылы Папа Иоанн Павел Экинчинин өмүрүнө Рим шаарында кол салган Мехмет Али Агжа бүгүн абактан бошотулду. Агжа кармалып, Италия соту тарабынан кесилген жана Италияда 19 жыл абакта отуруп, 2000-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулгандан кийин Түркияга өткөрүп берилген. Ыстамбулда башка мурдагы кылмыштары үчүн соттолуп, дагы абакка отургузулган. Ал азыр 48 жашта, анын папага кол салганынын себептери так аныкталган эмес.