Карасуу базарынын мурунку ээси Туратали Үсөновдун жакындары базардан үлүштөрүн талап кылышууда

ОШ. Жакында Борбордук Азиядагы ири соода борборлорунун бири Карасуу базарын негиздөөчү маркум Туратаалы Үсөновдун туугандары Карасуу райондук мамлекеттик администрациясына бир канча талаптар менен кайрылышты. Талаптардын негизги өзөгүндө базарды негиздеген жана аны 36 жыл башкарган Туратаалы Үсөновго эстелик коюу жана маркумдун балдарына учурда иштеп жаткан базардан үлүш ыйгаруу маселеси көтөрүлгөн. Аталган кайрылуунун авторлору менен жолугушкан Карасуу районунун акими Муратбек Жумабеков базар мамлекеттин эсебине өтүп, андагы бир катар маселелерди атайын комиссия текшерип иштеп жаткандыгына байланыштуу алардын койгон талаптарын райондук бийлик аткара албай тургандыгын билдирди. Мындан сырткары райондун акими Жумабеков Туратаалы Үсөновдун эмгеги эл жана өкмөт тарабынан эч качан унутулбай тургандыгын эскертүү менен анын туугандарынын талаптары мүмкүн кийинчерек мыйзамдын чегинде чечиле тургандыгын айтты. Ал эми жергиликтүү талдоочулар Карасуу базарында кимдердин ээликтери бар экендигин иликтеп, мындан ары базардын менчик формасы кандай болорун тескеп жаткан атайын комиссия эки айдан бери белгисиз себептерден улам ишин токтотуп тургандыгын белгилешти.

Аба ырайы

БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда, 12-январда Кыргызстандын айрым аймактарында кар жаайт. Жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Талас дубанында түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8 градус.
Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5 градус.
Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…-8 градус.
Нарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…-9 градус.
Бишкекте кар жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн
-9…-11, күндүз -5…-7 градус.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Дилденбай жана облустагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Чекиров.