Куш тумоосуна чалдыккан он беш адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат

Алардын өмүрүнө коркунуч жок, деп билдирди Түркиянын бийликтери. Илдеттин очоктору өлкөнүн түштүк-чыгышында,түндүгүндө жана ортоңку бөлүгүндө катталды. Коңшулаш өлкөлөр тумоонун жайылышына жол койбоо үчүн чукул чараларды көрүп жатышат.