Иран убадасын бузуп,уран байытканы жатат

МАГАТЭнин кечээ Венада жарыяланган билдирүүсүндө Тегеран изилдөө иштери Натанцтагы ядролук борбордо башталарын кабарлаганы айтылат. Тегерандык башка бир ырасмий өкүлдүн айтымында болсо изилдөө иштери бардык борборлордо кайра башталат. Буга байланыштуу АКШ Ирандын ишин ООНдун коопсуздук кеңешине берүүгө кайрадан үндөдү. Евросоюз Ирандын кадамын ашкере калпыстык деп баалады. Москва Тегеранды уран байытуу ишин токтотууга чакырды.