Курман айт белгиленди

БИШКЕК. 10-январда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленди. Бишкек шаарынынын эски аянтында өткөн айт намазды эртең мененки саат тогузда кыргыз мусулмандарынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов окуду. Муфтияттын маалыматына караганда, ага 60 миңдей адам катышты. Айт намазга бийлик өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана айрым өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилери да катышты. Айт намаз алдында сөз сүйлөгөн Бишкек шаарынын мэри Арстанбек Ногоев жалпы мусулмандарды Курман айт майрамы менен куттуктады. АКШ элчисинин орун басары Дональд Лу менен Түркия элчисинин орун басары Шемседдин Гүналды кыргызстандык мусулмандарды кыргыз тилинде куттукташты. Айт намаз улуттук телеканал аркылуу түз ободо көрсөтүлдү. Бул күнү республиканын бардык аймактарында миңдеген адамдардын катышуусунда айт намаздары окулду.