Ошто курман айт майрамын чыр-чатак коштоду

ОШ. Облустук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдына мусулмандар топтолуп, Курман айт намазы башталгыча облустун казысы Саипжан ажы Абдывахидов ислам, ыйман, заман ой толгоолору тууралуу маселе окуп берди. Андан соң шаардын мэри Жумадыл Исаков жана облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Адам Закиров Курман айт менен куттуктап сөз сүйлөшүп, калган мусулмандар менен кошо намазга жыгылышты. Саат эртең мененки ондордон өтүп «Хизб-ут тахрир» уюмунун мүчөлөрү менен милиция кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыгып, ал чатакташууга айланып кете жаздады. Жергиликтүү талдоочулар жаңжалдын чыгышына хизбутчулардын элге бекер тамак-аш тараткандыгы жана ага милициянын тыюу салгандыгы себеп болгондугун белгилешти.