Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт

Бишкек. 9-февралда өкмөт үйүндө Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Анда өлкөдө кылмыштуулкка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жактан иштер боюнча башкы прокуратуранын, ички иштер министрлиги менен улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилери отчет беришет. Бул тууралуу 10-январда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов билдирди.
«Кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөшүү үчүн бир катар олуттуу чаралар көрүлүшү керек», - дейт Мирослав Ниязов.
Коопсуздук Кеңешинин соңку жыйыны 21-ноябрда өтүп, анда кылмыштуулукка байланыштуу өлкөдөгү жагдай талкууланган. Өкмөткө 25-декабрга чейин кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу тапшырылган.
2001-жылдан бери өлкөдө 40тан ашуун буйрутма киши өлтүрүү орун алды. Алардын бири да ачылган жок.