Израилдин премьери Ариэл Шарон эсине келе баштады

Иерусалимдеги ооруканын жетекчилиги билдирген маалыматтарга караганда, Шарон ооруксунганын сезип, оң колу менен бутун болор-болбос кыймылдатканга жарап калды. Врачтар премьердин абалы баштагыдай эле кыйын экенин эскертип, инсульттун кесир-кесепети канчалык болгонун так аныктоо үчүн бир нече апта талап кылынарын айтышууда.