Ирактын ички иштер министрлигинин жака-белинде эки жанкечтилик жардыруудан 28 киши мүрт кетип, 24жарадар болду. Чабуул Ирак полициясынын 84 жылдыгы белгиленип жаткан учурда жасалган. Чабуулду Аз-Заркавинин тобу жасаганын мойнуна алууда. Иракта ошондой эле америкалык тик учактын кыйрап, андан 12 жоокердин өлүмгө учурашы иликтенүүдө. Бул окуя ишемби күнү Ирактын түндүгүндөгү Тал Афарн шаарында орун алган эле. Жекшембиде башка бир чабуулдан үч, ишембиде жардыруудан эки америка аскери набыт болгон эле.