Иран бүгүн ядролук программасына байланыштуу иштерди кайра баштайт

Бул тууралуу кечээ тышкы иштер министрлигинин өкүлү билдирген эле. Эгер Иран уран байытууну кайра баштаса, анда Евросоюз менен Тегеран ортосунда мындан ары эч кандай сүйлөшүүлөр болбой тургандыгын кечээ шаркеттин ырасмий өкүлдөрү эскертти. Бул учурда Тегеранда Россия менен Иран делегациялары сүйлөшүүлөрдү улантууда. Анда Иран үчүн Россияда уран байытып берүү тууралуу Москванын сунушу талкууланууда.