Иракта бир америкалык журналист барымтага алынып кетти

Ирактын борбору Багдад шаарында бүгүн бир америкалык аял журналист барымтага алынып кетти, аны менен кошо жүргөн котормочу өлтүрүлгөнү тууралуу айтылууда. Полициянын кабарына караганда, журналист сунни мусулмандарынын жетекчиси менен Адел провинциясында жолугууга баратканда куралчан адамдар анын машинесин токтотуп, айдоочуну атып салып, аны туткунга алып кеткен. Журналист кайсы басылма же агенттик үчүн иштегени азырынча белгисиз.