«Ашар» коому парламенттик башкарууга өтүү боюнча үгүт иштерин баштады

Бишкек. «Ашар» коому Бишкектин чет жакаларындагы жаңы конуштарда референдумга карата түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштады. Бул тууралуу «Эрайым» бейөкмөт уюмунун төрайымы Ракыя Жусупова 6-декабрда билдирди. Анын маалыматы боюнча «Ашар» коомунун өкүлдөрү жаңы конуштардын тургундарынын арасында мамлекеттик башкаруу системаларынын түрлөрү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Аталган коом Кыргызстанда келечекте парламенттик башкаруу системасынын орнотулушун жактайт.