Түркияда куш ылаңынан дагы бир өспүрүм ажал тапты.

Түркиянын чыгышындагы Ван провинциясында түндө дагы бир өспүрүм кыз куш ылаңын жугузуп алгандан өлдү. Каза болгон 15 жаштагы Фатма Кожигиттин 14 жашар иниси Мехмет мындан төрт күн мурда өлгөн жана ал канаттуулар фермасында иштеген. Дагы бир нече адам ооруканага жаткырылды. 2003-жылы куш ылаңынан Түштүк-Чыгыш Азияда жетимиштен ашык адам өлгөн, бирок башка мамлекеттерде бул жаңы оору өлүмгө буга чейин алып келген эмес.