Демократиялык күчтөрдүн элдик коалициясы түзүлөт.

БИШКЕК:Баш калаада 6-январда бир катар саясий партиялар биригип жаңы саясий уюмду – Демократиялык күчтөрдүн элдик коалициясын түзгөн жатышат. Бириге турган партиялардын катарында «Ар-намыс», «Атамекен», «Акыйкат жана прогресс», «Кайран эл» партияларынын, ошондой эле коммунисттердин, социал-демократтардын аты аталууда. Жаңы саясий бирикмени уюштурууга Демократиялык күчтөрдүн биримдиги партиясы демилгечи болууда.

Бул партиянын жетекчиси, депутат Кубат Байболов «Азаттыкка» эртенки жыйында конституциялык реформанын тагдыры, өлкөдөгү башкаруу формасы жөнүндө маселелер талкууланып, бирдиктүү платформа иштеп чыгуу аракети көрүлө турганын билдирди.
Демократиялык күчтөр биримдиги партиясы өткөн жылдын аягында түзүлүп, дароо эле Кыргызстанда чукул конституциялык реформа жүргүзүү, өлкөдө парламенттик башкаруу формасын киргизүү жөнүндө ураан көтөрүп чыккан. Эми өзүнө тилектеш партияларды бир саясий уюмга бириктирүүгө аракет кылып баштады.