Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук кеңеш түзүлдү

БИШКЕК. 30-декабрдагы президент Курманбек Бакиевдин буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук кеңештин курамы бекитилди. Ага сунушталган президенттин өкүлү катарында президенттин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук иштери боюнчп бөлүмүнүн башчысы Бусурманкул Табалдиев, Өкмөттүн өкүлү, премьер-министрдин аппаратындагы коргоо жана укук тартиби иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Бейшебай Жунусов, Жогорку Кеңештин өкүлү, парламент депутаты Рашид Тагаев, Жогорку соттун өкүлү, судья Лариса Гутниченконун талапкерлиги бекитилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан 4-январда билдиришти.
Эми Коорупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук кеңешке жарандык коомдон 6 адам тандалып алынып президентке сунушталат. Учурда бейөкмөт уюмдардан 30 кишинин талапкерлиги көрсөтүлгөн.