Бириккен Улуттардын атайын комиссиясы Сирия президентин суракка алууну көздөп жатат

2005-жылдын февралында Бейрут шаарында Ливандын мурдагы премьер-министри Рафик Хариринин өлтүрүлүшүн иликтеп жаткан Бириккен Улуттардын атайын комиссиясы кошуна Сириянын президенти Башар Ассад менен жолугуп, ага бир нече суроо берүүнү көздөп жатат. Ал тууралуу комиссиянын басма сөз катчысы Насрат Хассан билдирди. Сириянын мурдагы вице-президенти Абдел-Халим Хаддам өткөн жылдын июнунда кызматынан чегинген жана азыр Париж шаарында жашайт. Хаддамдын комиссияга билдиргенине караганда, 14-февралда Харириге каршы террор аракети уюштурулгандын алдында президент Ассад ага каршы аракет көрөм деп коркуткан. Президенттен тышкары Сириянын тышкы иштер министри Фарук ал-Шара жана башка жетекчилер дагы суралышы мүмкүн.