Белгия бир жыл бою ЕККУга төрагалык кылат

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна 1-январдан тартып 1 жыл бою Белгия төрагалык кылат. Белгия өз вазийпасын Азербайжан-Армения арасындагы Тоолу Карабах, Молдовадагы Приденстровье, ошондой эле Грузия менен Абхазия жана Түштүк Осетия ортолорундагы чатактарды басууга пайдаланаарын билдирди.