РЕФОРМА КЕЗЕГИ ЖАЗА ӨТӨӨ ЖАЙЛАРЫНА КЕЛДИ

Кыргызстандагы жаза өтөө мекемелериндеги абал 29-декабрда өкмөт жыйынында талкууланды. Анда абактардагы абалдын оор бойдон калып жатканы, майда кылмыштар үчүн камалгандардын жазасын өзгөртүү зарылдыгы айтылды. Жыйын сонунда тиешелүү тараптарга жаза аткаруу жайларын реформалоо боюнча бул тармактагы бардык көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун камтыган улуттук программаны иштеп чыгууну тездетүү милдети коюлду.
Жыйында алгач юстиция министрлигинин алдындагы жаза өтөө мекемелери боюнча башкармалыктын башчысы Капар Мукеев баяндама жасап, абактардагы абалдын оор бойдон калып жатканына, кызматкерлердин эмгек акысынын аздыгына токтолду. Ошондой эле ал бул системадагы абалды жөнгө салуу үчүн борбордук орган түзүүнү сунуштады:

- Жаза өтөө жайлары боюнча мыйзамдардын аткарылышы үчүн юстиция министрлигинин алдында жазаны аткаруу мекемелери боюнча борбордук орган түзүүнү сунуштайм. 20-октябрда абактардагы баш аламандык эмне үчүн чыкты? Эмне үчүн өкмөт башчы абакка барууга туура келди? Ошол убакта эч ким чечкиндүү чечим кабыл алган жок. Устав боюнча бөлүктүн башчысы чечиши керек эле муну. Эч ким жоопкерчиликти өзүнө алгысы келген эмес. Азыр деле абал андан өзгөргөн жок. Биз азыр юстиция министрлигинде арабадагы бешинчи дөнгөлөккө окшошпуз.

Капар Мукеев мындан сырткары азыр кызматкерлердин эс ала турган жайлары жоктугун, бул тармакка караштуу төрт эс алуу жайы мурдагы бийликтин тушунда менчиктештирилип кеткенин белгиледи.

Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынын башында Кыргызстандын абактарында сегиз жарым миң адам болсо бүгүнкү күндө алардын саны 16 миңден ашуун.

Өкмөт башчы Феликс Кулов учурда 16 миң адамдын абакта кармалып турушу Кыргызстан үчүн көптүк кылаарын, абактарда майда-чүйдө уурулук жасагандар отурганына өзү да күбө болгонун белгилеп, жаза мекемелеринин башчысынан канча кишини кыскартууга болоорун сураганда, ал алты миң деп жооп берди.


Мындай жооптон соң өкмөт башчы буларга токтолду:


- Эгер биз алты миң адамды бошотсок, бир канча колонияларды бириктирүү менен, анча көп каражат коротпой туруп, эски колониялардын базасында жаңы колоноияларды түзө алабыз.

Ал эми юстиция министри Марат Кайыпов министрликтин эсеби боюнча, эки миң эле адамды кыскартууга болоорун айтты:

- Кылмыш жаза саясатын гумандаштыруу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатабыз. Ал ишке аша турган болсо биздин эсеп боюнча, алты миң эмес, эки миңдей адам боштондукка чыгат. Алардын катарына биринчи жолу жана жеңил кылмыш жасагандар сыяктуулар кирет.

Министр жаза өтөө мекемелеринин башчысы алты миң деген санды каяктан алганына таң калды. Натыйжада талаш-тартыш болуп, өкмөт башчы аны дыкат иликтеп чыгуу маселесин койду.




Феликс Кулов ошондой эле абактарда жеке ишкерлер аркылуу болсо да өндүрүштү жандантуу зарылдыгына токтолду:

- Колониялардагы өндүрүш аймактарын менчик колго ижарага берүү жолдорун караш керек. Өндүрүштү жандандырып, абактагылардын иштеiине шарт түзүү зарыл. Албетте коопсуздук маселелери сакталууга тийиш. Азыр мамлекет абактарга ишканаларады кура албайт. Андыктан ал жерде керек болсо эркин экономикалык аймактарды түзүү керек.

Ал эми каржы министри Акылбек Жапаров адегенде сыноо иретинде бир колонияда эркин экономикалык аймак түзүп көрүүнү сунуштады.

Жыйын сонунда тиешелүү тараптарга жаза аткаруу жайларын реформалоо боюнча бул тармактагы бардык көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун камтыган улуттук программаны иштеп чыгууну тездетүү милдети коюлду.