Швейцария Орусиялык экс-министрди АКШга өткөрбөйт

Швейцария Орусиянын атомдук энергетика боюнча экс-министри Евгений Адамовду Москвага кайтармай болду. Швейцариянын Жогорку соту кечээ ушундай чечим чыгарып, мурдараак аймактык соттун Адамовду АКШга жөнөтүү жөнүндөгү тыянагын жокко чыгарды. Москвалык экс-министр Швейцариянын бийликтери тарабынан май айында АКШнын өтүнүчү боюнча кармалган. Вашингтон Евгений Адамовду Орусиянын өзөктүк коопсуздугун жакшыртууга багытталган 9 млн. долларлык каражатты өз чөнтөгүнө салып койгон деп айыптап, кылмыш иш козгогон. Орусия Адамов Москвада соттолушу керек деп Швейцарияга кайрылган.