Паспорт тартыштыгынан чыккан нааразылык акциясы улантылууда

БИШКЕК. Өздөрүн элдик көзөмөлдөө революциялык комитети деп атаган топтун 10 чакты өкүлү 28-декабрда да Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык чарасын улантышты. Алар бул күнү паспорт маселесин чечүүнү тездетүү, элди эл аралык деңгээлдеги сапаттуу паспорт менен камсыз кылууну талап кылышып, «Паспорту жоктун-укугу жок», «Бакиев менен Кулов паспорт боюнча көз боемочулукту токтото албаса кызматынан кетсин» деген сыяктуу жазуулар жазылган плакаттарды көтөрүп турушту. Бул күнү пикетчилер менен Маалыматтык технологиялар жана ресурстар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы маалыматтык ресурстар жана байланыш департаментинин башчысынын милдетин аткаруучу Марат Бекенов жолугушту. Бирок тараптар бири-бирин түшүнүшө алган жок.

Жаңыдан түзүлгөн тендердик комиссия үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрында паспорт чыгаруу боюнча Түштүк кореялык компания менен келишимге кол коюшкан. Бирок кореялык компания келишимде көрсөтүлгөн талаптарды аткарбады деп, маалыматтык технологиялар жана ресурстар улуттук агенттиги кайрадан Молдованын “Регистру” компаниясы менен иштеше баштаган.