Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандык укук коргоочуларды өлкөгө саясий башпаанек же качкын статусун сурап келген чет өлкөлүк атуулдардын укуктарынын корголушунун абалы тынчсыздандырууда. Өлкөдөгү бир катар бейөкмөт уюмдары мындан ары да казакстандык жаш саясатчы Мухамбет Абжандын укуктарын коргоо боюнча аракеттерди жүргүзүшөөрүн билдиришүүдө.
28-декабрда «Акипресс» маалымат агенттигинде Адам укуктары жана мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча бюросунун директору Наталья Аблова жана «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова Кыргызстанда качкындарды коргоо боюнча абал опурталдуу болуп калгандыгын маалымдашты.
Укук коргоочулар белгилешкендей, учурда Кыргызстанда качкындардын укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик мекеменин иштебей жаткандыгы демократиялык өлкөлөрдүн принциптерине каршы келет. Өлкөдө болуп жаткан саясий реформаларга карабастан, качкындар кайрыла турган орган, мекемелер бир күн да иштебей кое албайт. Ал эми буга чейин Тышкы иштер министрлигинин алдында иштеген миграция боюнча департамент Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча башкармалыгынын чоң каржылык, техникалык жардамы менен түзүлгөн.
Наталья Аблова белгилегендей, мындай абалдын түзүлүшү эл аралык чыр-чатакка да алып келиши мүмкүн. Бизде учурда качкындарды коргоо боюнча мыйзамдар бар болгону менен, аларды ишке ашыруучу мамлекеттик орган өз ишин аткарбай жатат:
Бул эл аралык чыр-чатак катары каралат. Башкача айтканда, биздин өлкө качкындардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдар бар болгону менен, аларды ишке ашыруучу органдары жок мамлекет катары карала баштайт. Ошондуктан, биздин өлкө эми кайсы качкын болбосун ал үчүн кооптуу болуп калды , - деди Аблова.
Аблова ошондой эле Мухамбет Абжан Казакстандын тартип коргоо органдарына өткөрүлүп берилгендиги да Кыргызстандын эл аралык коомчулуктун алдында качкындар үчүн үчүнчү коопсуз мамлекет болгон статусунан ажырагандыгын айгинеледи:
Мен мындай абалдын түзүлгөндүгү үчүн өтө капаланып жатам, бир жагынан мен үялып жатам. Мен Мухамбет Абжандын туугандары менен жакындарынан аны коргой албай калганыбыз үчүн кечирим сурайм. Мен бул адамдын укуктары биздин өлкөдө сакталат, ал Кыргызстанда жок дегенде убактылуу болсо да, башпаанек таба алат деп ишенгенмин. Мухамбет Абжанды казак тарапка өткөрүп берүү жөнүндөгү чечимди кабыл алган адамдар Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдындагы аброю түшкөнүн элестете алышпайт , - деди Наталья Аблова.
Укук коргоочу белгилегендей, Мукамбет Абжанды казак тарапка өткөрүп берүүдө бир катар эл аралык жана жергиликтүү мыйзамдар бузулган. Биринчиден, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, тартип коргоо органдары тарабынан чет өлкөлүк атуул адвокат алууга укуктуу, бирок, Махамбет Абжанга адвокат алууга мүмкүнчүлүк берилген жок. Экинчиден, Абжанды кармап, алып кетүү үчүн Кыргызстанга Казакстандын тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү келгендиги да мыйзамсыз болгон.
Азиза Абдрасулова кыргызстандык укук коргоочулар мындан ары да Мухамбет Абжандын укуктарын коргоо боюнча иш-аракеттерди токтотпой тургандыгын белгиледи:
Биз, кыргызстандык укук коргоочулар мындан ары да М. Абжандын тагдырына кайдыгер калбайбыз. Биз анын укугун коргоо боюнча эл аралык уюмдарга да кайрылабыз. Бул багытта казакстандык укук коргоочулар менен да бирге иш алып барабыз. Ал эми Мухамбет Абжандын укугу Кыргызстанда бузулгандыгы боюнча анын ата-энеси сотко кайрылууга укуктуу , - деди Азиза Абдрасулова.
Ал эми өлкөнүн баш прокурору Камбаралы Конгантиев 27-декабрда М. Абжан Казакстанга мыйзам чегинде, Кишинев конвенциясынын негизинде өткөрүлүп берилгендигин маалымдаган.