Иракка күтүүсүздөн Украина президенти Виктор Ющенко келди

Виктор Ющенко бүгүн күтүүсүздөн Иракка келип, ал-Кут шаарында украиналык аскерлер менен кездешти. Украина өз аскерлерин Ирактан чыгаруу аракетинде жана өлкөдө азыр 867 украиналык солдат калган. Аскерлер 30-декабрга чейин Украинага толугу менен кайтып келүүгө тийиш, алардын төрт жүз элүү беши мекенине кайткан. Он сегиз украиналык аскер Украинада курман болду, дагы отуз экиси жараат алды. Ющенко андан тышкары өлкөнүн премьер-министри Ибрагим ал-Жаафари менен жолугуп сүйлөштү жана Иракка Украиндан аскерий жардам көрсөтүлдү.