Ташкендин айтымында, Анжиян козголоңу менен байланыштуу соттор адилеттүү жүрүүдө.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бүгүн тараткан маалыматка караганда, Анжиян окуяларына тийешеси бар деп күнөөлөнгөн адамдарга каршы соттун баары эл аралык эрежелерди бузбастан өткөрүлдү. Бардыгы болуп бир жүз элүүдөн ашык адам күнөөлөнгөн жана соттолгондун баары күнөөнү мойнуна алып, айыптуу деп табылды. Ташкенде өткөн сот иштеринин адилет болгонунан Бириккен Улуттардын Адам укуктар боюнча комиссиясынын төрайымы Луиз Арбур жакында күмөн санаган билдирүү жасаган.