Кабыл Макешов, Бишкек 27- декабрдагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары Оштогу жардыруу, 2005- жылдын жыйынтыктары, Кыргызстан демократиялык күчтөрүнүн курултайы тууралуу макалаларды жарыялашты.
27-декабрдагы “Агым” гезитинде өз кабарчы Алишер Токсонбаев Оштогу жардыруу тууралуу маалымдап, өлүм- житим болбогону менен келтирилген зыянды атайын комиссия эсептей албай убара болуп жатканын кеп кылат.
Ош облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаевдин айтымында: «Бул атайын жасалган акт. Жыйындар залынын, ошондой эле администрациянын башкы имаратынын күнбатыш тарабынын дегеле соо жери жок.»
Жардыруунун кубаттуулугун адистер азырынча аныктай элек. Анын үстүнө окуя болгон жерден далил заттар табылган жок. Облус прокурорунун орунбасары Фархад Сайдалиев фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин терроризм беренеси боюнча иш козголгондугун маалымдады.
«Жардыруунун зыяны алдын-ала болжолго караганда ири көлөмдө. Айрыкча 500 орундуу жыйындар залынын биринчи-экинчи кабаттары толук, ошондой эле облустук тышкы экономикалык байланыш комитети, автордук укукту коргоо башкармалыгы, чарбалык текшерүү уюму, облмамадминистрациянын башкы имаратынын күнбатыш жагындагы кеңселер талкаланган, облакүйдүн ортосунан чоң жарака кеткен».деп жазат өз кабарчы Алишер Токсонбаев
Ушул «Агымда» журналист Жеңишбек Эдигеевдин Жогорку кеңештин депутаты, маркум Баяман Эркинбаевди эскерүүсү жарык көрдү.
Ушул “Агымдын” кабарчысы Жолдошбек Зарлыкбеков өткөн ишембиде борбордук Тарых музейинде жыйырмадан ашык саясый партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү 250 делегат чогулган Кыргызстан демократиялык күчтөрүнүн курултай өткөргөнүн маалымдайт.
«Элдик аталган бул курултайда бүгүнкү учурдун, келечектин багытына карай данектүү пикирлерди угалбадык. Ош, Жалалабат, Көл, Нарын, Таластан келген карыялардын кургак сөзүнө толуп чыкты. Эмнегедир жаштар сүйлөгөн жок.
Ичти-жеди, кетти-качтыдан ары сөздөр айтылганы жок. Азимбек мырза чырылдап атты - келечек тууралуу айтсаңар деп. Мындай - жолдун башы ача болсо, иттин башы маң болот дегендей, маң заманда ким эмнени ачык айта алат? Акүй чиновниктеринен Т.Акун гана келиптир, билим министри Нур уулу Досбол, ТопчубекТургуналиев катардагы делегат болуп олтурду. Т.Акун 9 айда бизди иштетпей, пикет, жер, көмүр басып алуу менен бийликти алаксыттыңар, жок дегенде бир-эки жыл бербейсиңерби, мен силер мененмин деп өпкөсүн музга чапты.
Курултайга үмүт этип сырттан байкоочу катары келген саясатчылар арбын экен. Көбүн сөзгө тартсам, курултай Бекназаровдун генпрокурорлугунда ишке ашпай калган, азыркы генпрокурор будамайлап жаткан акаевдик, коррупция иштерин акырына чыгаруу талабын курултайдын үйү менен бекемдөө аракети болду деп айтышты.
Беш маселенин ириси - Бакиев келерки 24-мартта саясый-экономикалык отчет берсин дешти. Экинчиси - 24-март эс алуу күнү - революция жеңген күнү деген статус болсун, ошол күн майрам болсун деген талап киргизишти. Үчүнчүсү - Акаевдин үйбүлөсү, жакындары ээлеген кыймылсыз мүлктөрдү сот аркылуу аныктап, ал мүлктөрдү бүтүндөй мамлекет алсын дешти. Бешинчиси - Акаевдин айланасындагы чиновниктердин бардыгы кызматтан кетсин, азыр бош жүргөндөрү кайра мамлекеттик кызматка келбесин деген талап коюшту. Курултайга катышкан карапайым элдин пикиринче, Акаев заманында чоң кызматарда иштеген 48 чиновниктин аты аталды. УКК төрагасы Т.Айтбаев, администрация башчысы Ү.Сыдыков, Жалалабат экс-губернатору Ж.Шарипов, мамкатчы Д.Сарыгулов сыяктуу лөктөр "кара" тизмеге кабылган экен, курултайда 5-маселе боюнча талаш-тартыш күч болду.Курултай - катардагы эле саясый жеке уюшмадай таасир калтырды»,- деп жазат Жолдошбек Зарлыкбеков.
Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министрлигинин чакыруусу менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн журналисттер тобу аталган өлкөгө барып келишти. Кыргызстандык 4 журналисттин бири “Агым” гезитинин кабарчысы Асран Айдаралиев ушул Кытайга болгон сапары тууралуу жол очеркин жарыялоодо.
27-декабрдагы “Аалам” гезитинде кабарчы Аида Надырбекова “Элдик ыңкылапты коргоо” комитетинин төрагасы Болот Айдаров менен маектешкен. Анда жер- жерлерде комитеттин өкүлчүлүктөрү ачылып, эл арыз- муң менен аларга кайрылып турганын, мыйзамсыз менчиктештирилген айрым обьектилер мамлекетке кайтарылып берилип жатканы тууралуу кеп болгон.
“Ыңкылап болгону менен элдин мүдөөсү толук аткарылган жок. Эл башка нерсени, чыныгы өзгорүүлордү күткөн. Бирок, андай өзгөрүүлөр болгон жок. Эми элдик бийликти орнотуу кыйын болуп калды ,-“дейт “Элдик ыңкылапты коргоо” комитетинин төрагасы Болот Айдаров.
“Аалам” гезити өлкөнүн мамлекеттик катчысы Дастан Сарыгуловдун 25- декабрда өткөн “Манас” айтуу майрамында сүйлөгөн сөзүн «Кан бийлигинен нарк күчтүү» деген тема менен жарыялады.
Анда мамлекеттик катчы улуттук идеология, улуу рух, көркөм мурастар, “Манас” эпосу, ак калпак, улуттук кайра жаралуу, ыйман тууралуу кеп козгойт.
«Манасты» жаттап же үйрөнүп айтуу мүмкүн эмес, ал аян менен гана келет. Бирок бул аян эмне үчүн саны 1,5 миллиард же 1 миллиард болгон элдерге келбейт? Атүгүл, боордош, саны кыргыздан 5-6 эсе көп казак, өзбек элине бул аян түшпөйт? Анын себеби – биздин тегибизде, каныбызда, тамыры тарыхтын тереңинде жаткан жаныбызда. Жаш карыйт, кылымдар өтөт, бирок жан карыбайт экен.
Эгерим баш бийлик атадан балага мурасталып өткөн эмес.
Кыргыз эгерим монархия, падыша дегенди көрүп, тааныган эмес.
Кыргызда жетим, жесир, аялды кемсинтүү, элди эзүү болгон эмес.
Кан төгүлгөн элдик төңкөрүштөр да болгон эмес.
«Кан бийлигинен нарк күчтүү», «Намыс өлүмдөн өйдө», «Эркек –сел, аял - көл», «Кыздын кырк чачы улуу», «Кызга кырк жерден тыюу” – деп, бабаларыбыз улуу ыйманды ыйык тутуп жашаган»,- дейт өлкөнүн мамлекеттик катчысы Дастан Сарыгулов.
27-декабрдагы “Кыргыз туусу” гезити Жогорку кеңештин мурдакы депутаты, ишкер Борис Воробьевдун “Аскар Акаевдин жакындары мүлкүмдү тартып алышкан” деген маалыматын жарыялап, кимдер, качан, кандайча мүлкүн тартып алганы айтылат. Ушул гезитте “Банкка эл акча салууга ишенеби?” деген тегерек стөл маектешүү жарыяланып, адистер: эл акчасын үйүндөгү сейфке салбай, банкка салууга ишене баштаганын, ишкерлердин көбү акчасын банк аркылуу алып, которуп жатышканын айтышкан.
27-декабрдагы “Эркинтоо” гезити кабарчы Мамат Райымжановдун “Ыңкылаптын арты- ынтымак болсун” деген макаласына орун берди. Анда өтүп бараткан жылга сереп салынып, жылдын жыйынтыгына баа берилет. Ушул гезит Жогорку кеңештин депутаты Кубатбек Байболовдун “Парламенттин ишмердүүлүгүнүн төмөн болушу- шайлоо системасында” деген макаласын жарыялады. Анда жер- жерлерде шайлоочулардын добуштарын сатып алуунун айынан парламенттин активдүүлүгү төмөн болуп жатышы талдоого алынат.
26- декабрдагы “Вечерний Бишкек” гезити өтүп бараткан 2005-жылдагы окуяларга сереп салып, келаткан жылга мүнөздөмө беришти. Ошондой эле улуттук парламенттин өзгөчөлүктөрү тууралуу кабарчы Гүлчахра Каримова кеп кылган.