Жабыр тарткан аксылыктар менен барскоондуктар Бишкекте жыйын өткөрүштү

БИШКЕК. 25-декабрда Бишкекте мамлекеттик резиденцияда 2002-жылы Аксы трагедиясында курман болгондордун жакындары жана 1998-жылы “Кумтөр” алтын кенине тийиштүү цианид ташыган автоунаанын авария кырсыгынан жабыр тарткан барскоондуктардын көйгөйлүү маселесин көтөрүп, коомчулуктун көңүлүн буруу максатында жыйын өткөрүлдү. Анда Аксы трагедиясында куралсыз адамдарга ок аттырган ошол кездеги бийлик өкүлдөрүн жоопко тартуу, курман болгондордун үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан жардам берүү маселеси козголду. Ошондой эле Барскоон кырсыгын көз жаздымда калтыруу аракетин көрүшкөн мурдакы бийликтеги тиешелүү адамдардын үстүнөн кылмыш ишин козгоо, “Центерра Голд” компаниясы кырсыктан жабыркагандарга жакында бөлгөн 1 млн. доллардын 870 миң доллар комиссия тарабынан элге бөлүштүрүлгөндүгү айтылып, аларды медициналык жактан көзөмөлгө алуу маселеси каралды. Жыйынды “Атуулдар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюуму уюштурган. Ага президенттик администрациянын, өкмөттүн, башкы прокуратуранын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.