Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейнге каршы Багдад шаарында өтүп жаткан сотто Саддам кечээ күнү америкалык жетекчилерди калпычылар деп атады. Анын алдында Саддам сотко - ал жана башка күнөөлөнгөн адамдар абакта сабалганы тууралуу билдирген, бирок АКШ өкмөтү андай маалыматты жокко чыгарган. Мурдагы президенттин айтымында, Вашингтон жөн гана калп айтууда: "Ак үй калп айтып жатат. Алар улам жаңы калп айтууда, алар жөн гана калпычылар. Америкалыктар дүйнөдөгү эң биринчи калпычылар, аны бүткүл дүйнө билет - алар Иракта кеңири кыруучу курал бар болгон деп айткан, биздин өкмөт эл аралык террорчуларды колдойт деп билдирген, бирок ага бир дагы далил табылган жок", - деди Саддам. Октябрдан бери бир нече үзгүлтүк менен уланып келаткан сот кечээ күнү 24-январга чейин токтотулду. Саддам жана дагы жети адам - көптөгөн Ирак жарандарын кырганы үчүн соттолууда.