Казак-кыргыз өкмөт башчылары күйүүчү-майлоочу майга байланышкан маселени талкуулашты

БИШКЕК. Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары Феликс Кулов менен Даниял Ахмедов 21-декабрда Казакстандын Тарас шаарында жолугушуп, эки өлкөнүн саясий-экономикалык кызматташтыгынын жагдайларын талкуулашты. Бул жолугушуунун жыйынтыгы менен Кыргызстан Казакстандан жеңилдетилген тартипте 400 миң тонна бензин, 200миң тонна күйүүчү-майлоочу май, 200 миң тонна авиакеросин, 20 миң тонна мазут, 6миң тонна суюлтулган газ, 1 миллион 500 миң тонна чийки мунайзат алууну макулдашты. Бул макулдашууну ишке ашыруу аракеттери келерки дүйшөмбүдө башталат. Мындан тышкары эки өкмөттүн демилгеси менен Манас жана Ысыката райондорунда бензин соодалоочу орток соода борбору ачылмай болду