Түндүк шайлоо округунун талапкерлери БШКны,райондук бийликти сотко берет

БИШКЕК. Конституциялык саясат институтунун 21-декабрда тараткан билдирүүсүнө караганда, №8 Түндүк шайлоо округунда 27-ноябрда өткөн парламенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өттү. Мындай мыйзам бузууларды уюм шайлоочулардын тизмесин түзүү жараяны, бийликтин мамилеси, шайлоочулардын укуктары өңдүү өңүттөр менен байланыштырган. Ушул эле күнү уюштурулган маалымат жыйынында талапкерлериндин бири Бакыт Керимбеков бул шайлоодо акча жеңди деп билдирди. Ошондуктан, талапкерлер тобу Борбордук, округдук шайлоо комиссияларын, Биринчи май райондук мамлекеттик администрациясын сотко бергени жатат. Буга чейин бир катары талапкерлердин арыздарынын негизинде добуш берген шайлоочулардын тизмесин кайра текшерип, маселени көп добуш алган Жаныш Кудайбергеновдун кызыкчылыгына чечкен. Шайлоодо жети талапкер ат салышкан. Алардын катарында экс-министр Роза Отунбаева, экс-премьер министр Николай Танаев бар.