КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫНА ТИЙБӨӨНҮ КАЗАК ӨКМӨТҮ УБАДА КЫЛДЫ.

Бекташ Шамшиев, Бишкек - Тараз Казак жериндеги кыргызстандык эмгек мигранттарынын абалын жеңилдетүү, энергетикалык маселелерди биргелешип чечүүнүн жолдору, эки өлкөнүн экономикалык алака-катышы 21-декабрда Казакстандын Тараз шаарында өткөн өкмөт башчыларынын жолугушуусунда талкууланды.
Кыргызстанга жетиштүү көлөмдө күйүүчү-майлоочу майларды берүүгө Казакстан өкмөтү макул болгонун “Мунай мырза” компаниясынын президенти Улан Базаркулов маалымдады.

- Жылдын аягына чейин ташып чыгууга тыюу салып коюшкан, ошол сакталууда. Кудай буюрса квота беришти, ал маселе чечилди. Эми бензин менен солярка Кыргызстанга келе баштайт. Анан ушул дүйшөмбүдө Астанага барганы жатабыз. Ошондо эки өлкө ортосундагы көп сырлар чечилет.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилени салкын-суук кылган проблемалардын эң орчуну чекара көйгөйү. Талас облусунун губернатору Искендер Айдаралиевдин айтуусунда, жаңы үлгүдөгү ички паспорт менен чекарадан өтүүдө биртоп кыйынчылыктар болууда.

- Азыр деле ачык айтып коюш керек, чек ара маселеси сакталууда. Бишкекке барыш үчүн Казакстан аркылуу өтөбүз. Мына ошол жерде биздин жарандык күбөлүк казактар үчүн жарабай калып жатат.

Казакстан тарап Кыргызстандан агылып барган эмгек мигранттарынын абалын жеңилдетүү, айыл чарбасында иштегендерге 10 миң орун бөлүүгө, ал эми базарда соода-сатык кылып жүргөндөргө убактылуу жекече ишкерлик күбөлүгүн алса иштөөсүнө тоскоолдук болбосун ырасташты.

Эки өлкөнүн экономикалык алака-катышындагы дагы бир орчун проблема суу-энергетика маселеси. Казакстандын өкмөт башчысы Даниял Ахметов бул жаатта биртоп иштер аткарыла тургандыгын маалым кылды:

- Кыргызстанда жакшы шарттар бар экенин билебиз. Эки тарапка пайда келтиргидей шартта аны биз инвестициялоого даярбыз. Бул менин оюмча, жакшы келечеги бар, келечеги дурус иш. Себеп дегенде, эки өлкөнүн энергетикалык системасынын алдында Орусиянын, бир тууган өлкөлөрдүн биргелешкен базары турат. Бир жылдан бираз кечигибирээк биз “түндүк-түштүк” электр системасынын бир өңүрүн аяктаганы турабыз. Бул Казакстандын түштүгү менен Кыргызстанды, Орусияны кошо турган байланыш.

Казакстан “Камбарата – 2” ГЭС курулушун аягына чыгарганга куштар экенин Кыргызстандын өнөр жай, тышкы соода, туризм министри Алмаз Атамбаев да ырастады.

- Туура, булар ушу “Камбарата –2” ГЭСине кызыкдар. Бул ойлонулуп туруп аткарыла турган маселе. Мен ойлонуп турам, Кудай буюрса, жолубуз ачылып, биздин казак туугандардын экономикабызга тийгизчү салымы чоңоет.

Анткен менен азырынча жалаң Казакстан, Кыргызстан эмес, жаамы постсоветтик Борбор Азия республикаларынын ортосунда талаш чакырып келаткан маселе сууга барып такалууда. Кыргызстандын өкмөт башчысы Феликс Кулов Таразда суу боюнча жалпы маселелер боюнча гана макулдашылганын маалымдап, азырынча Токтогул суу сактагычындагы сууну кое берүүнүн жол-жобосу боюнча бир пикирге келе алышпаганын билдирди.

- Бул жерде маселе башкачараак чечилмекчи. Мен комплексин белгилеп кетейин. Суу боюнча. Эгер биз аны көбүрөөк кое берсек төмөндө турган Шардарыя суу сактагычы керектен чыгат. Бул маселени жөнгө салыш үчүн сууну кое берүүнү тууралашыбыз керек. Алар секундуна 600 кубметр сууну кое берүүнү сурап жатышат. Биз антсек зыян тартып калабыз деп жатабыз. Биз азырынча негизги параметрлер боюнча гана макулдаштык. Себеп дегенде, бул маселени Өзбекстан, Тажикстан менен биргелешип чечүү зарыл.

Кийинки кездери Кыргызстан менен Казакстандын расмий бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда оголе көп жолугушуулар болууда. Ортодогу талаш маселе оңуна чечилгени айтылып келет. Бирок да президенттик шайлоонун алдында – 26-27-ноябрда казак өкмөтү кыргыз эмгек мигранттарын кууп чыгарып, паспортторуна белги коюп коюшкан. Тараздагы жолугушуудан кийин аны өчүрүшкө макул болушту.