Учак ала качкан кылмышкердин абактан бошотулганы ар башка пикир жаратууда

Мындан 20 жыл мурда Алманияда бир учакты ала качып, анын ичиндеги бир америкалык деңиз аскерин өлтүргөн Ливандын жараны Мохамед Али Хамади өткөн аптада абактан бошотулганы белгилүү болду. Ал өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылууга кесилген, бирок абакта 19 жыл отургандан кийин соттун чечими менен боштондукка чыгарылды. АКШ мамлекеттик катчылыгы болсо кечээ күнү атайын билдирүү жасап, Хамади мөөнөтүнөн мурда бошотулганын жактырбаганын жарыялады.

Эл аралык жанылыктарды даярдаган Нарын Айып