ИРАК: ШИЙИТТЕР АЛДЫДА, СУННИТТЕР ДАТТАНУУДА

Иракта өткөн аптада болгон парламенттик шайлоонун добуштарын саноо уланууда. Анын толук эмес жыйынтыктарына караганда, шийиттердин Бириккен Ирак альянсы деп аталган коалициясы башкалаа Багдадда жана түштүк провинцияларда көч башында келе жатат. Ал эми сунниттердин негизги коалициясы шайлоонун баштапкы жыйынтыктарын сындап, добуш берүүнү кайрадан өткөрүү чакырыгы менен чыкты. Суннит коалициясынын пикиринде, добуштар бурмаланган. Бирок өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы буга эч кандай олуттуу жүйөө жок деп эсептейт.
Багдад жана аны курчаган провинция - Ирактын эң ири шайлоо чөлкөмү. Андан парламенттеги өкүлдөрдүн саны башка провинцияларга караганда үч эсе көп болот. Маселен шийиттердин Бирикен ирак альянсы деп аталган коалициясы Багдаддан добуштардын 59%ын топтогон. Ал эми суниттердин Ирак Улуттук ынтымак фронту деп аталган коалициясы башкалаа Багдадда добуштардын 19%ын алып, экинчи орунда. Айтор шайлоо комиссиясы добуштарды санап жаткан кезде аналитиктер Ирактын болочоктогу саясий түсү жөнүндө кеп кылышууда.

Мустафа Алани - Перси булуңун иликтөө боюнча Дубайдагы борбордун эксперти. Ал болочок өкмөттү Ирактын саясий тайпаларынын бири да жалгыздап түсө албасын айтат:

-Жалпысынан, менин ишенимимде, бир да топ өкмөттү жалгыздап курууга жөндөмдүү эмес. Атүгүл кошулган учурда эки уюм да түзө албайт. Азыр биз негизги оюнчулар катары кеминде беш топ жөнүндө сөз кылуудабыз.

Мустафа Алани саясий топтордун эң ириси катары шийит диний партияларынын Бириккен Ирак альянсын белгилейт. Андан кийинки маанилүү саясий топ – күрддөрдүн шайлоого чогуу чыккан эки партиясы. Ошондой эле динчил эмес күчтөрдүн мурдагы премьер- министри Ияд Аллави баштаган коалициясы, премьер- министрдин орун басары Ахмад Чалабинин Улуттук Конгресс коалициясы да парламенттен өз орундарына ээ болчудай.

Баяндамачылар Иракта өкмөттүк коалиция кандай түзүлөрү жөнүндө болжолдоо азырынча эрте экенин айтышууда. Утурумдук өкмөт куруу максатында январда өткөрүлгөн шайлоодон кийин шийиттер менен күрддөрдүн мунаса табуусу 12 аптага созулган эле. Ал шайлоону сунниттер негизинен бойкоттогон. Эми аналитик Мустафа Аланинин айтымында, сунниттердин бул шайлоого жакшы катышуусу кырдаалды өзгөртөрүнө шек жок.

Саддам Хусеиндин учурунда бийликте турган сунниттер калктын 20%дайын түзөт. Козголоңчулардын кол салууларынын көпчүлгү да негизинен сунниттер басымдуулук кылган аймактарда орун алып келүүдө. Андыктан алардын саясий жараянга аралашуусу өтө маанилүү деп эсептелет.

Бекха Алдин Абделкадыр - Ирактын Ислам партиясынын лидерлеринин бири, суннит коалициясынын мүчөсү. Ал сунтиттердин катышуусу Ирактын саясатына тең салмактуулук алып келет деген ойдо:

-Бул шайлоодон соң биз кийинки парламентте тең салмактуулуктун фактору катары сунниттердин өкүлчүлүгү көбүрөөк болот деген үмүттөбүз. Биз мурдагы парламентте тең салмактуулук жана сунниттердин өкүлдөрү жетишсиз экенин белгилегенбиз. Андыктан эмки парламент Ирактагы калктын баардык өкүлдөрүн камтыган күчтүү өкмөт курууга жөндөмдүү болот жана ушул өкмөт Иракты азыркы кризистен алып чыгат.

Ал эми жаңы парламентте аналитик Мустафа Аланинин пикиринде, чет элдик аскерлерди чыгаруу, жок дегенде алардын санын кыскартуу күн тартибиндеги башкы маселелердин бирине айланчыдай:

-Ирактын жаңы өкмөтү америкалыктардан өз күчтөрүн кыскартууну суранат жана америкалыктар мындай кадамга барууга дилгир. Андыктан, менимче, өлкөдө саясий стабилдүүлүк орносо, өкмөт өз легитимдүүлүгү үчүн америкалыктардын өлкөдөн кетүүсүн өтүнөт.


Анткен менен Багдад университетинин профессору Саад ал-Хассани зордук – зомбулуктар азаярына көп деле үмүттөнбөйт. Себеби "ал-Каиданын Иракта Абу Мусаб ал –Заркави жетектеген бөлүмү өңдүү уюмдар соңку шайлоону да мыйзамсыз деп эсептейт:

-Чет өлкөлүк күчтөрдүн чыгарылышы - козголоңчулардын биринчи талабы. Өзгөчө шайлоодон кийин алардын Иракта мындан ары туруусун актагыдай ээч нерсе болбрйт. Бирок айрымдары козголоңчуларга эч тиешеси жоктугуна карабай, өзүлөрүн каршылык көргөзүүчү ирээтинде сыпаттаган бир нече уюм бар. Алар уюшкан кылмаштарды, адам өлтүрүүлөрдү, Ирактын жөн - жай тургундарын гана жабырланткан жардырууларды жасоодо.

АКШ президенти Жорж Буш да Иракта америкалык аскерлерди чыгаруунун мөөнөтүн белгилөө жөнүндөгү чакырыктарды такай четке кагып келүүдө. Ал парламенттик шайлоо кыянтчыл аракеттерди токтопосун моюнга алып, бирок бул Жакынкы Чыгыштын жүрөк толтосунда демократиянын башталышы экенин белгилеген.