Коомдук телевидение боюнча даяр мыйзам долбоору парламентте

БИШКЕК. “Ош-3000” телеканалынын базасында “ЭлТР” коомдук телевидениесин түзүү боюнча президент Курманбек Бакиевдин чыгарган жарлыгы коомдук телевидениелерге карата пародия. Бул тууралуу парламенттин депутаты Мелис Эшимканов 20-декабрда өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, коомдук телевидениени Улуттук телерадио компанияын базасында түзүү зарыл.Ал эми аталган компанияны реформалоо боюнча парламентте мыйзам долбоору даяр турат. Маалымат жыйынына катышкан журналистердин коомдук бирикмесинин төрагасы Кубан Мамбеталиев Кыргызстанга коомдук телевидениенин үлгүсүн Эстониядан алуу керек деген пикирин билдирди. Эстонияда коомдук телевидениени мамлекеттик бюджет каржылап, ага көзөмөлдөө кеңеши менен парламент көзөмөл жүргүзөт. Ал эми көзөмөлдөө кеңешинин мүчөлөрүн президент, парламент жана жарандык коомдор пропорционалдык негизде дайындайт.