Алманияда дарыланып жаткан өзбек министрине каршы тергөө башталды.

Алманияда дарыланып жаткан Өзбекстандын ички иштер министри Зокиржон Алматовко каршы тергөө башталды. "Хьюман райтс вотч", "Эмнисти интернешнл" жана Бириккен Улуттардын Адам укуктар комиссиясынын арыздарынын негизинде башталган тергөөнү немис прокуролрлору жүргүзүп жатат. Укук коргоочулардын айтымында, үстүбүздөгү жылдын май айында Анжиян шаарында болгон кыргын үчүн Алматов дагы жооптуу.