ООГАН ПАРЛАМЕНТИНИН ЖЫЙЫНЫ АЧЫЛДЫ

Кабулда дүйшөмбү күнү парламенттин биринчи жыйыны ачылды. Салтанатка чет элдик коноктор,алардын ичинде АКШнын вице-президенти Дик Чейни, мурдагы ооган падышасы Закир-шах катышты. Жыйында депутаттар ант беришти, андан соң президент Хамид Карзай сөз сүйлөдү. Евросоюз жана НАТО ооган парламентинин ишке киришкенин тарыхый күн деп баалашты.
Анттын текстин Хамид Карзай окуп,депутаттар аны жабыла кайталашты. Текстте бардык иште исламдын ыйык жолунан тайбай, конституцияны жана мыйзамдарды так сактоо,эл берген бийлик менен ишенимди актоо тууралуу касам айтылат.
Сессиянын биринчи жыйынын ачып жатып,Карзай кара түнөк канча бир кылымдарда, кыйын-чапкын күндөрдө оогандыктар аял-эркек дебей өз динин, өз жерин каармандык жана кашкөйлүк менен коргоп келгенин эске салып, бу күндү улуттук майрам кылып жарыялады.
Евросоюз ооган парламенти ишке киришкенин тарыхый окуя таризде бааласа, НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер “демократиялык процесстин” жышааны деп атады.
Ооганстанда соңку отуз жыл ичинде парламент болгон эмес. Быйыл сентябрда төмөнкү палатага 250 депутат шайланды.Ошол эле сентябрда жергиликтүү бийликтер да шайланып,алардан 102 киши парламенттин жогорку палатасына мандат алды. Отуз төрт сенаторду президент Карзай өз жарлыгы менен дайындады.
Жаңы парламенттин курамына лашкер башчылар,мурдагы коммунисттик режимдин өкүлдөрү, ар түрдүү улуттук тайпанын мыкчыгерлери,атүгүл талиптердин режими менен кыйыр алака-катышы бар адамдар да өтүштү. Төмөнкү палатадагы орундардын үчтөн бири аялдарга тийди. Алардын бири Малалай Жойа белгилүү можахеддердин көбү депутат болгонун айыптады. Ал колу кандуу адамдар парламентти да ыпылас жайга айландырат деп эсептейт. Таза,адал адамдар да бар, бирок алар парламентте азчылыкты түзөт. Жойа депутаттык мандатын пайдаланып, мурдагы можахеддерге каршы күрөшкөнү жатат.
Көпчүлүк аналитиктер ооган парламенти толук кемелдүү бийлик органына айлангыча дагы бир топ мезгил керек дешет. Анын үстүнө депутаттардын көпчүлүгү караманча кат тааныбаган адамдар. Эл аралык кризис тобунун эксперти Жоанна Натан буга карабастан парламенттен жалпы ооган калкын баш коштуруунун жаңы механизмин көрөт.Буга чейин бийликтин аткаруу бутагы гана болсо, эми ар түрдүү аймактан, улуттук тайпалардан, диний топтордон жана аялдардан куралып, Ооганстанды башкарууну көздөгөн институт түзүлдү. Натандын айтымында, ушунун өзү кубаттай турган нерсе.
“Таң шоокуму” аттуу гезиттин редактору Саид Фарамарз да ушундай ойдо. Проблемалар толтура,ага карабастан бизде бир үмүт жаралды, дейт ал. Эгер парламент таасирдүү органга айланып,өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөй алса, абдан жакшы болмок.Буга чейин жалгыз өкмөт гана иштеп келсе, эми, ооган журналистинин айтымында, парламент бу жагынан ага активдүү көмөктөш болушу керек.