КУБАТ БАЙБОЛОВ: ПАРЛАМЕНТТИК БАШКАРУУГА ӨТМӨЙҮНЧӨ КРИЗИСТЕН ЧЫКПАЙБЫЗ»

Азиза Турдуева, Бишкек Конституциялык реформанын тагдыры кыргыз парламентинде кызуу талашка түштү. «Демократиялык күчтөр биримдиги» саясий партиясынын парламенттеги өкүлдөрү бүгүн Кыргызстанды парламенттик башкарууга өткөрүү боюнча конституциялык реформаны тезинен жүргүзүүгө үндөштү. Парламентте Президент К. Бакиевди жактаган депутаттар Кыргызстан парламенттик башкарууга өтүүгө даяр эмес деп чукул конституциялык реформа баштоого каршы чыгышты.
Депутат Кубатбек Байболовдун пикиринде президенттик-парламенттик башкаруу системасы Кыргызстанды кризис кырдаалдан куткарбайт. КМШ өлкөлөрүнүн айрымдарында, анын ичинде Россия менен Кыргызстанда 1993-жылы болгон саясий кризистер да ийкемдүү демократиялык мамлекеттик башкаруу болбогондуктан чыккан.

- Европанын өлкөлөрүндө негизинен парламенттик башкаруу өкүм сүрүп келүүдө. Ал эми башаламандык, кризистер, көтөрүлүштөр болгон өлкөлөр - президенттик системада жашап келе жаткан мамлекеттер. Андыктан, өлкөдөгү башкаруу системасын өзгөртмөйүн кризистер улана берет, - деди К. Байболов.

«Демократиялык күчтөр биримдиги»(ДКБ) партиясынын лидери, депутат К. Байболов жакында эле эле Конституциянын өзү кошо катышып иштеп чыккан жаңы долбоорун басма сөзгө жарыялап, коомчулукка сунуш кылган. К. Байболов баш болгон ДКБ саясатчылары өлкөнү парламенттик башкарууга өткөрүү боюнча конституциялык реформаны тезинен жүргүзүп, аны ишке киргизүүнү 2009-жылдан баштоо туура чечим болорун белгилешүүдө. ДКБ партиясын конституциялык реформа маселесинде "Менин өлкөм" партиясы толук колдоого алууда.

Конституцияны чукул арада өзгөртүүгө эң оболу Президент Курманбек Бакиев каршы чыгып келатат. Ал буга чейинки чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө өлкөдө саясий партиялар системасы өнүгө элек болгондуктан парламенттик башкарууга Кыргызстан даяр эмес деген пикирин билдирген болчу.

Президентти жактаган саясий күчтөр парламентте да бар. Бир катар депутаттар, мисалы, Рашид Тагаев, Юрий Данилов бүгүн талкууда Кыргызстан азырынча парламенттик башкарууга өтүүгө даяр эмес деп сүйлөп чыгышты.
-Кыргызстан легендарлуу парламент тушунда парламенттик өлкө болгон. Андан жакшы эч нерсе болгон жок. Менчикти кайла бөлүштүрүү болуп жатат, белгилүү деструктивдүү күчтөр азыр өлкөдө башаламандыктардын болушу каалап турушат. Мындай шарттарда конституциялык реформаны 2009-2010-жылга чейин жылдыруу керек. Өзүбүздүн мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калайлы!, - деди Рашид Тагаев.

Ал ортодо Конституциялык реформаны токтото турууга каршы болуп жаткан саясий күчтөр, жарандык уюмдар Президентти мурдагы демократиялык позициялардан чегинди деп сынга алышууда. Алардын жүйөөсүндө Президент конституциялык реформаны тез арада жүргүзбөсө саясий кризис күчөп, марттагы революция кайталанышы ыктымал.