Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселе Бириккен Улуттарда каралышы мүмкүн.

АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс кечээ күнү сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, Ирандын өзөктүк программалары боюнча Тегеран жетекчилери айтып жаткан сөздөргө ишенбеш керек деп билдирди. Райс айымдын айтымында, бул маселе жакын арада Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине каралууга жөнөтүлөөрүнө ал ишенет. Эгер маселе Коопсуздук Кеңешинин күн тартибине коюлса, Иранга каршы эл аралык чектөөлөр жана башка эскертүүлөр жарыяланышы мүмкүн.