АКШ партиялары - өлкөдө жашыруун тыңчылык өткөрүлгөнүн тергеп чыгууну талап кылууда.

Америка Кошмо Штаттарынын эки негизги партиясы - бийликтеги Республикалык жана оппозициядагы Демократиялык партия экөө тең - өкмөт өлкө жарандары артынан жашыруун тыңчылык кылып жатканы тууралуу кечээ күнү иликтөө жүргүзүүнү талап кылды. Президент Жорж Буш 16-декабрда атайын билдирүү жасап, 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин өлкө ичинде тыңчылык кылууга уруксат берген жашыруун буйрук чыгарганын моюнга алган. Конгресс түзгөн атайын комиссия - бул буйрук америкалык мыйзамдарды бузган-бузбаганы тууралуу бүтүм чыгарууга тийиш, анткени сот чечимисиз АКШда эч кимдин артынан эч ким аңдыбаш керек.